Difference between revisions of "АНДРИАНОВ Кузьма"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:03, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

Кузьма Андрианович [15 (28). 12.

1904, Твер губ., Кондраково айылы – 13. 3. 1978 Москва] – орус химиги, СССР И Анын академиги (1964; мүчө-корр. 1953). Соц. Эмг. Баатыры (1969). Москвадагы энергетика ин-тунун проф. (1946). Москва ун-тин бүткөндөн кийин (1930), Бүткүл союздук электр тех. ин-тта (1929-54), Бүткүл союздук авиац. материалдар ин-тунда (1946-53), СССР ИАнын элементорг. бирикмелер ин-тунда (1954-жылдан) ж-а Москвадагы кылдат хим. технология ин-тунда иштеген. Анын негизги эмгеги кремний орг. бирикмелердин химиясына ж-а синтездөөгө арналган. Ал орг. эмес чынжырлуу молекуласы бар жаңы полимерлерди, кремний тетрохлоридин синтездөөнүн өнөр жайлык методун ж-а полиорг. металл силоксандарды (1947) синтездөөнүн негизги жолун иштепчыккан. А. СССР Мамл. (1943,1946,1950, 1953) ж-а Ленин сыйл. (1962) лауреаты.
Эмг.: Высокомолекулярные кремнийорганнческне соединения. М., 1949. Кремнийорганические соединения. М., 1955. Полимеры с неорганическими главными цепями молекул. М., 1962.