Difference between revisions of "АКБАЕВ Абды"
Jump to navigation
Jump to search
180-227>KadyrM |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Абды (1928‑ж. т., Чүй обл., Кемин р‑ну, Комсомол айылы) – химия илимд. доктору (1996), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1995), Кыргыз ССРинин эмг. сиң. ойлоп табуучусу (1969), КРдин илим ж‑а техника б‑ча мамл. сыйл. лауреаты (1973). Фрунзедеги педин‑тту бүтүргөн (1948). 1954‑жылга чейин мектепте химия мугалими, 1954‑жылдан аспирант, андан кийин илимий кызматкер. 1994‑жылдан КР УИАнын химия ж‑а хим.-технол. ин‑тунун улук ил. кызматкери. 150 ил. эмгектин, а. и. 65 ойлоп табуунун (патенттин) автору.
Эмг.: Взаимодействие солей тяжелых металлов с азотосодержащими соединениями и синтез физиологически активных веществ. Ф., 1984.