«БӨРҮБАЕВ Алтай Асылканович» менен «ВЕНГРЛЕРДИН (МАЖАРЛАРДЫН) БАТЫШКА ЖУРТ КОТОРУУСУ –» барактарынын ортосундагы айырма

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(Барактардын ортосундагы айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БӨРҮБАЕВ ''' '''Алтай Асылканович''' (31. 12.1950-жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Кара-Ой айылы) математик, физика-математика илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (1993), академик (2000), КРдин  эмгек сиӊирген ишмери (1995). Кыргызстан Ленин комсомолу (1981), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын (1998, 2000) лауреаты. КМУнун механика-математика факультетин (1972), Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн (1975). КМУда окутуучу, улук окутуучу, декан, илимий иштер боюнча проректор (1976–92), КРдин билим берүү министринин 1-орун басары (1992–94), И. А. Арабаев атындагы КМПУнун (1994–98), КМУнун ректору (1998–2000). 2000–05-жылдары КРдин Эл өкүлдөр жыйынынын спикери, 2005-жылдан КРдин Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы. Бөрүбаевдин 130дан ашуун илимий эмгеги (анын 30дан ашыгы чет өлкөлөрдө басылып чыккан), анын ичинен 6 монографиясы, орто мектептер, ЖОЖдор үчүн 5 окуу китеби жарык көргөн. Бөрүбаевдин орчундуу илимий эмгектеринин көпчүлүгү бир калыптагы мейкиндиктер (топология) жана бир калыптагы үзгүлтүксүз чагылдыруулар менен байланышкан. Ал бир калыптуулук структураларынын жардамы менен топологиялык мейкиндиктердин паракомпакттуу, локалдуу паракомпакттуу, линдельефтик ж. б. кеӊейтүүлөрүн тургузган.<br/>Эмг.: Равномерные структуры на топологических пространствах и группах (в соавторстве). Б., 1997.
'''ВЕНГРЛЕРДИН (МАЖАРЛАРДЫН) БАТЫШКА ЖУРТ КОТОРУУСУ – ''' венгрлердин өз алдынча улут катары калыптанышындагы чечүүчү окуя. Азыркы венгр окумуштууларынын (Немет, Барги, Лигети) пикири боюнча байыркы мажар уруулары азыркы Россиянын Ханты-Манси округунун түндүгүн, Батыш Сибирди мекендешкен. ''Элдердин Улуу көчү'' мезгилинде алар азыркы Башкыртстан аймагына, кийинчерээк Мугалжар Жайык жерине, акыры Түндүк Кавказга келген. Мажар уруулары ушул мезгилде түрк уруулары менен жакындашып, Эдил (Волга) жана Дон сууларынын аралыгында, кийин Днепр жана Дунайдын төмөнкү агымына барып отурукташкан. 870-жылы араб булактарында Леведия (Ливедия) союзу менен кунду уруусунун күчү биригип, анын падышасы Алмаш Арпаддын ээлиги кеӊейгендиги айтылат. Аны Византия императору Константиндин кол жазмаларындагы даректер бекемдейт. Алмаш Арпад династиясы бийлеген мажарлар 862-жылдан Борбордук Европадагы согуштук иштерге активдүү кийлигише баштайт. Алар алгач фракиялыктарга каршы моравалар тарабында, 894-жылы моравалар жана византиялыктар менен союз түзүп, фракиялыктар менен Дунай булгарларына каршы күрөшкөн. 900-жылы Италиянын түндүгүнө чейин жеткен мажарлар Дунай боюн толук ээлеп, 902-жылы фракиялыктар менен болгон кезектеги согушунан кийин Батышка жылуусун токтоткон. Ошентип, алар табигый шарттары ыӊгайлуу Карпат тоолорун этектей биротоло жайгашып калган. Уламыш боюнча ал жерде мажарлардын жети уруусунун башчылары Елод, Онд, Конд, Таш, Хуба, Тохотом, Алмаш чыгыш салты боюнча кан чыгарып, теӊирге, арбакка ант беришет. Жаӊы мекенге жайланышкандан кийин мажарлар көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенип, акырындап дыйканчылыкка оой башташат. Айрым маалыматтар боюнча бул мезгилде алардын саны жарым миллиондой болгон. 955-жылы герман королу Оттондон катуу жеӊилгенден кийин жоокерчиликтен, көчмөндүктөн баш тартышкан. Кийин христиан динин кабыл алышып, европалыктарча өмүр кечире башташкан. Мажар тарыхында «Мекенге отурукташуу» деп аталган бул окуянын чечүүчү учурлары менен көч салтанаты 1896-жылы Венгриянын 1000 жылдык мааракесин белгилөө учурунда көркөм чыгармаларда чагылдырылган. 20 сүрөтчү катышкан узундугу 120 ''м'', бийиктиги 15 ''м'' панорама даярдалып, ал 1991–95-жылдары толугу менен кайра калыбына келтирилген.  
 
''Б. Хинаят уулу.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:39, 22 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

ВЕНГРЛЕРДИН (МАЖАРЛАРДЫН) БАТЫШКА ЖУРТ КОТОРУУСУ – венгрлердин өз алдынча улут катары калыптанышындагы чечүүчү окуя. Азыркы венгр окумуштууларынын (Немет, Барги, Лигети) пикири боюнча байыркы мажар уруулары азыркы Россиянын Ханты-Манси округунун түндүгүн, Батыш Сибирди мекендешкен. Элдердин Улуу көчү мезгилинде алар азыркы Башкыртстан аймагына, кийинчерээк Мугалжар – Жайык жерине, акыры Түндүк Кавказга келген. Мажар уруулары ушул мезгилде түрк уруулары менен жакындашып, Эдил (Волга) жана Дон сууларынын аралыгында, кийин Днепр жана Дунайдын төмөнкү агымына барып отурукташкан. 870-жылы араб булактарында Леведия (Ливедия) союзу менен кунду уруусунун күчү биригип, анын падышасы Алмаш Арпаддын ээлиги кеӊейгендиги айтылат. Аны Византия императору Константиндин кол жазмаларындагы даректер бекемдейт. Алмаш Арпад династиясы бийлеген мажарлар 862-жылдан Борбордук Европадагы согуштук иштерге активдүү кийлигише баштайт. Алар алгач фракиялыктарга каршы моравалар тарабында, 894-жылы моравалар жана византиялыктар менен союз түзүп, фракиялыктар менен Дунай булгарларына каршы күрөшкөн. 900-жылы Италиянын түндүгүнө чейин жеткен мажарлар Дунай боюн толук ээлеп, 902-жылы фракиялыктар менен болгон кезектеги согушунан кийин Батышка жылуусун токтоткон. Ошентип, алар табигый шарттары ыӊгайлуу Карпат тоолорун этектей биротоло жайгашып калган. Уламыш боюнча ал жерде мажарлардын жети уруусунун башчылары Елод, Онд, Конд, Таш, Хуба, Тохотом, Алмаш чыгыш салты боюнча кан чыгарып, теӊирге, арбакка ант беришет. Жаӊы мекенге жайланышкандан кийин мажарлар көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенип, акырындап дыйканчылыкка оой башташат. Айрым маалыматтар боюнча бул мезгилде алардын саны жарым миллиондой болгон. 955-жылы герман королу Оттондон катуу жеӊилгенден кийин жоокерчиликтен, көчмөндүктөн баш тартышкан. Кийин христиан динин кабыл алышып, европалыктарча өмүр кечире башташкан. Мажар тарыхында «Мекенге отурукташуу» деп аталган бул окуянын чечүүчү учурлары менен көч салтанаты 1896-жылы Венгриянын 1000 жылдык мааракесин белгилөө учурунда көркөм чыгармаларда чагылдырылган. 20 сүрөтчү катышкан узундугу 120 м, бийиктиги 15 м панорама даярдалып, ал 1991–95-жылдары толугу менен кайра калыбына келтирилген.

Б. Хинаят уулу.