Difference between revisions of "АЖЫРАТУУ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮГҮ"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– оптикалык приборлордун нерселердеги жакын жайланышкан эки чекиттин сүрөттөлүштөрүн даана көрсөтүүчү чондук. Сүрөттөлүштөрдүн кошулуп ке-
терине туура келүүчү эки чекиттин ортосундагы минималдуу аралык прибордун ажыратуу чеги деп аталат. Бул чоңдукка тескери чоңдук при бордун оптикалык күчүн туюнтуп, оптикалык системадагы ар түрдүү абберацияларга ж‑а жа рык толкунунун дифракция кубулушуна көзкаранды. Ар кандай оптикалык прибор жарык нуру кирүүчү ж‑а чыгуучу эки тешиктен турат. Эгерде абберациясыз, өтө так жасалган оптика лык системаны ал сак, тешиктерден өткөн жа рык толкундар дифракциялык кубулушка чалдыгып, ар бир чекиттин сүрөттөлүшү чекитти курчаган жарык ж‑а карацгы шакекчелердин системасы түрүндө көрүнөт. Эгерде ар бир диф ракциялык тактын борб. экинчи кара тегеректин чети м‑н тийишсе, дифракция теориясынын негизинде жанаша жаткан эки чекит өзалдынча так көрүнөт. Бул шарт Рэлей критерийи деп аталат. Мындан келип чыккан А. ж‑нүн чегин аныктоочу формула оптикалык систе манын параметрлери / ж‑а Х)га көз каранды 5 = 1,21 Xf/D, мында X – жарык толкунунун уз., / – оптикалык системанын фокус аралыгы, D кирүүчү тепшгинин диаметри. Абберациясыз оп тикалык система болбойт. Ошондуктан, реалдуу оптикалык системалардын А. ж. бул фор мула б‑ча эсептелген сандан башкача болот.