АМИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:20, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМИНДЕР – аммиактагы NH3 суутектин бир, эки же үч атомунун органикалык радикалдар (R) менен орун алмашуусунан пайда болгон бирикмелер. Суутектин орун алмашкан атомдорунун санына жараша биринчилик (RNH2), экинчилик (R2NH) жана үчүнчүлүк (R3N) болуп бөлүнөт (мында RСН3, С2нН5, С6Н11, С5 жана башка). Радикалдардын түзүлүшүнө жараша алар алифаттык (метиламин CH3NH2), алициклдүү (циклогексиламин C6H11NH2), ароматтуу (фениламин же анилин C6H5NH2) жана гетероциклдүү [2- аминопиридин C5H4N(NH2)] болуп айырмаланат. Молекуласындагы амин топторунун санына жараша моно-, ди-, три- жана полиаминдер деп аталат. Жөнөкөй аминдер – аммиак жыттуу газ, ири молекулалык массалуу аминдер суюктук жана катуу заттар. Ал негиздик касиетке ээ, кислоталар менен сууда эрүүчү туздарды пайда кылат. Катализатордун таасири менен спирттерге NH3 кошкондо биринчилик, экинчилик жана үчүнчүлүк аминдер пайда болот: формула жазылат. Нитробирикмелерди калыбына келтирүү жана башка жолдор менен да алынат. Аминдер өнөр жайларда боёк, дары-дармек заттарды, капрон, нейлон буласы алынуучу полимерлерди өндүрүүдө кеңири колдонулат. Алифаттык аминдер нерв системасына зыяндуу. Кээ бир ароматтык аминдер канцерогендүү болгондуктан адамдын табарсыгында рак оорусунун пайда болушуна алып келет.